Letra da música
Ак кызым
Айдай жарык ак кызым,
Ак жылдызым бак кызым.
Барагойгун жаркылдап,
Бакытыңа бар кызым.
Эки жакты теңдей көр,
Эстүү кызым белдей көр.
Кубанычын арттырып,
Кудагыйды мендей көр.
Теңиңди сен урматта,
Таты кызым урматка.
Айланайын ак кызым,
Ата атын булгаба.
Акыл-эстүү нарктуу бол,
Ачык колу марттуу бол.
Багың болуп тилегим,
Барган жерге барктуу бол.