Letra da música
Бишкек
Сейил бакта гүлдөр ачып гулгондой,
Кол кармашкан жаштар ,кыял сүрөттөйт.
Жан дүйнөгө ысык тийген жылуулук,
Жайнап турган, жүрөк ырын жаратат.
Припев:
Кең көчөлөр керилгендей кыяктай,
Ала-Тоонун этегинде тырмактай,
Ала-Тоонун боорундагы керемет,
Бишкегим бар, сүйөм сени талыкпай.
Бишкекимден алыс кетсем жол тартып,
Жан дүйнөмду жаркын жели кубалайт,
Ар бир көчө, ар бир дарак, ар бакча,
Сагындырыт, сезим жүрөк күйгүзөт.