сиз ыйлабан

578

Musica creata da сан гиг con Suno AI

сиз ыйлабан
v4

@сан гиг

сиз ыйлабан
v4

@сан гиг

Testi
Дүйнө абдан сулуу эле, жүз бурбадым,
Нетейин, бир соопко да үлгүрбөдүм.
Достор менен күлүп доор сүрө албадым,
Апакем, кучагыңыздан алыс кеттим,
Сиз ыйлабаң, бейиштерге барып жеттим.


Мээрим эмне, махабат не — аңдачумун,
Тынчтык издесем, апамдын боорун тандачумун.
Таң атканча бешик ырын тыңдачумун,
Бешигимде жатып, ырыскымды алып кеттим,
Сиз ыйлабаң, бейиштерге барып жеттим.


Бул дүйнөгө ким тоюптур, мен тойбосом?
Кайран гана, күлүп дагы эки кадам койсом.
Ширин жүздөрдү кучак жайып бир көрсөм,
Ата-энемдин көз жашында агып кеттим,
Ыйлабаңыздар, бейиштерге барып жеттим.


Тагдыр бирөөнү ойнотуп да күлдүрөт,
Дагы бирөөнү көз жашына бөлөйт.
Жайнап турган гүлдөй көздү соолутат,
Аппак кардай чачыңызга жаап кеттим,
Ыйлабаңыздар, бейиштерге барып жеттим.


Көп кеңеш берет бул жашоо, кулак салыңыз,
Жарык күндөр нур чачат, таңды күтүңүз.
Күлүп жашаңыз, кайгыларды унутуңуз,
Тагдыр экен, маңдайыма жазылганына нетейин,
Апакем, бейиштерге барып жеттим.

Сиз ыйлабаң…
Stile di musica
Rock, Neo Folk, Traditional Folk, Indie Pop, Pop, Classic Rock, Bluegrass, Country, Jazz, Cool Jazz

Potrebbe piacerti

Copertina della canzone Lato
v5

Creato da Jerzyna K con Suno AI

Copertina della canzone Hie There
v4

Creato da Praveen Kumar con Suno AI

Copertina della canzone Portal połączył
v4

Creato da Michał Góralski con Suno AI

Copertina della canzone Győztes Kör
v4

Creato da Máté Bohátka con Suno AI

Playlist correlata