Жашоомдун жарыгысың, жалгыз кызым,
Жүрөктүн толкундаткан ар бир кылын.
Бегайка, куттуу болсун отуз жашың,
Жаркырап ото берсин ар бир жылың!
Канаттууга кактырбай баккан элем,
Кагылайын, бактыңды тапканга тең.
Адилет менен тең карып, дөөлөт күткүн,
Отуздун очогунда бакыт күүсүн.
Жүзүңдөн эч качан күлкү кетпей,
Жашагыла арзууга өксүп жетпей.
Ширин кызың Арууна ортоңордо,
Жана берсин бактыңардын чырагындай!