Классташтарым

801

Musik erstellt von Асанбек Асилбеков mit Suno AI

Классташтарым
v4

@Асанбек Асилбеков

Классташтарым
v4

@Асанбек Асилбеков

Text
Классташтар кыздар балдар курбулар,
Кымбатсыңар тунук мүрөк суусундай
Кыйла жылдар өтсө дагы арадан,
Кыйбай турам мен силерди сагынам.

Күндө эрте жумушума шашамын,
Күндүз иштейм кечке кайра кайтамын.
Үйгө келип ватсабымды ачканда,
Үлгүргөндү окуп чыгып жабамын.

Көөбүң эле жүрөсүңөр алыста,
Үйүңөрдү, Караванды сагына.
Ден соолукта жашап, иштеп талыкпай,
Аман-эсен болгулачы дайыма.

Кээ бириңди он жыл мурда көргөнмүн,
Кээ бириңди отуз жылдай көрбөдүм.
Кээ бириңди он төрт жаштан көрбөсөм,
Кээде ойлоном эмне үчүн деп өзүмчө.

Нурбек, Нурзат, Данаш, Чолпон, Жаныбек,
Жазасыңар салам, салам, салам деп.
Группанын эфиринде улап кеп,
Турасыңар ынтымакты бекемдеп.

Күлөсүңөр дежурныйлар чыкты деп,
Тамашалап кимдер жазбай калды деп.
Таңга маал интернетти карасам,
Телефонум айтат батпай калды деп.

Кандай сонун балалыкты эңсеген,
Окуучулук күндөр эстен кетпеген.
Балалыктын сүйүүлөрүн эстешип,
Жолугалы олтурушуп беттешип.
Musikstyle
Pop

Du magst vielleicht

Verwandte Playlist

Cover des Liedes Лесная тропинка
v4

Erstellt von Muhsiynahamitjanova mit Suno AI

Cover des Liedes O FIM DO AMOR
v4

Erstellt von Luiz Magnus Correia Cardoso mit Suno AI

Cover des Liedes Örökké Te
v4

Erstellt von Ferenc Bognár mit Suno AI